Шайлдабекова: БШК командасы бардык маморгандын кызматкерлеринен мыкты иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековБШКнын кызматкерлери добуштарды эсептеп жатышат
БШКнын кызматкерлери добуштарды эсептеп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Боршайкомдун башчысы саясатчылар мүчүлүштүктү кабыл албай, бурмалоого айландырып жатканы БШКга оор тийгенин айтууда.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын командасы бардык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен мыкты иштейт деп эсептейм. Мындай пикирин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Бизде абдан таза команда иштейт, бирок саясатчылар минтип жатканда иштөө аябай кыйын. Ооба, кемчилиги бар. Бирок алар бир жылдан бери шайлоо өткөрүп келе жатышат. Саясатчылар мындай мүчүлүштүктү кабыл албай, добуштарды толугу менен бурмалоого айландырып жатканы аларга оор тийүүдө. Эгер билсеңиздер, учурда БШКда иштеп жаткан команда бардык мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин мыктысы деп эсептейм. Алар Кыргызстанда туруктуулук болушун каалашат", — деди Шайлдабекова.
Ошону менен бирге ал сайттан добуштарды көрсөтүүдө сырткы таблицадан механикалык гана ката кеткенин дагы бир ирет белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0