Кол менен эсептөөдө кайсы партиялар алдыда келе жатат? Соңку маалымат

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVШайлоонун жыйынтыктарын кол менен эсептеп жаткан БШК кызматкерлери
Шайлоонун жыйынтыктарын кол менен эсептеп жаткан БШК кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Cаат 9:30га карата БШКга шайлоо участкаларынан 487 протокол келип түшкөн. Бул жалпы протоколдун 19,53 пайызын түзөт.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо берилген добуштардын 19,53 пайызын колдо эсептеп бүттү.
30-ноябрь саат 9:30га карата БШКга шайлоо участкаларынан 487 протокол келип түшкөн. Бул 19,53 пайызды түзөт. Жалпы 3 703 420 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.
Азырынча "Ынтымак" (13,30%), "Ата-Журт Кыргызстан" (12,87%), "Ишеним" (11,22%), "Ыйман нуру" (7,32%), "Эл үмүтү" (6,98) жана "Аяльянс" (6,20%) партиялары алдыда.
Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык чыкты. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.
Белгилей кетсек, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калды. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0