Чүй облусунан парламентке өткөндөрдүн алдын ала тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады. 
Анын ичинен Чүй облусундагы шайлоо округдарынан эң көп добуш алган талапкерлер:
  • №22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев;
  • №23 Москва шайлоо округу — Карим Ханджеза;
  • №24 Сокулук шайлоо округу — Аманкан Кенжебаев
  • №25 Аламүдүн шайлоо округу — Сеидбек Атамбаев;
  • №30 Ысык-Ата шайлоо округу — Акбөкөн Таштанбеков;
  • №31 Чүй-Кемин шайлоо округу — Медербек Саккараев.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0