Чүй-Кемин шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер

© Sputnik№31 Чуй-Кеминский
№31 Чуй-Кеминский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Чүй облусундагы №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Медербек Саккараев добуштардын 24,90 пайызын алып (добуштардын 90 пайызы саналып бүттү), атаандаштарын артта калтырды. Бардыгы 14 талапкер аттанган.
Чүй-Кемин шайлоо округунда шайлоочулардын саны — 114 743. Ага Токмок шаары, Кемин жана Чүй райондору толугу менен кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0