Жайыл шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер

© SputnikЖайылский округ
Жайылский округ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Чүй облусундагы №22 Жайыл шайлоо округунан Нурланбек Азыгалиев 28,89 пайыз добуш алып (добуштардын 85,53 пайызы саналып бүттү) атаандаштарын артта калтырды. Бардыгы сегиз талапкер аттанган.
Округдагы шайлоочулардын саны — 99 663. Жайыл жана Панфилов районунун бардык шаар, айылдарын камтыйт.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0