Баткенден көп добуш алган талапкер алдыга чыкты

© Sputnik№2 Баткенский
№2 Баткенский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала чыгарган жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен санайт. Жогорку Кеңешке шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген алдын ала жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Баткен облусундагы №2 Баткен шайлоо округунан добуштардын 71.25 пайызы эсептелгенден кийин Нурлан Ражабалиев 4 685 добуш (18.38 пайыз) алып азырынча алдыга чыкты.
Округдагы шайлоочулардын саны — 102 010.
Баткен району жана Баткен шаары толугу менен, Кадамжай районунун Халмион, Совет, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактары, Алга айыл өкмөтүнүн №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкалары кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен санайт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0