Москва шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер

© SputnikМосква шайлоо округу
Москва шайлоо округу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Чүй облусундагы №23 Москва шайлоо округунун Карим Ханджеза 20,02 пайыз добуш алып (98,42 пайыз саналып бүткөндө), атаандаштарын артта калтырды. Бардыгы 12 талапкер аттанган.
Москва шайлоо округунда жалпы 87 801 шайлоочу бар. Ага Москва району толугу менен Сокулук районунун Төмөнкү Чүй, Ат-Башы, Жаңы-Жер, Камышановка, Жаңы-Пахта, Биринчи май айыл аймактары кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0