Канча кыргызстандык өз депутатын тандады? Саат 16:00гө карата маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги шайлоо участогунда адам
Бишкектеги шайлоо участогунда адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22,39 пайызы добуш берди. Бул 829 171 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.
Учурда Нарын, Талас облустарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (26.29 жана 25,11 пайыз), ал эми Чүй облусу дагы деле артта (19,99 пайыз) баратат.
Ал эми бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 22,54 пайызы же 815 896 миң жаран өз тандоосун жасады. Мында шайлоого келгендердин саны боюнча Ош облусундагы №4 Көк-Жар шайлоо округу (27,74 пайыз) лидер болууда. Ал эми Чүй облусундагы №24 Сокулук шайлоо округу эң артта (17,19 пайыз) калды.
Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Буга байланыштуу эки системанын ортосунда айырмачылык болот.
Киши сом купюралары менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
ИИМ айрым талапкерлер бир добуштун "баасын" канчага көтөргөнүн айтты
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.
Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.
Бүгүн эртең менен саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлейт.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0