Акылбек Жапаров партияларга бейиш эле эмес, тозок да бар экенин эскертти

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Жапаров өлкө тарыхында алгач ирет президенттин администрациясы жана министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп эсептей турганын айтты.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Бишкек шаарынын № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан №1142 шайлоо участогунда добуш берген.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖапаров Бишкек шаарынын № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан №1142 шайлоо участогунда добуш берген.
Жапаров Бишкек шаарынын № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан №1142 шайлоо участогунда добуш берген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жапаров Бишкек шаарынын № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан №1142 шайлоо участогунда добуш берген.
1/2
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.
2/2
Жапаров Бишкек шаарынын № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан №1142 шайлоо участогунда добуш берген.
Ал журналисттерге комментарий берип жатып бардык саясий партиялардын программасы куюп койгондой окшош экенин айтып сындаган.
"Мен дайыма программа жазып келдим, бул мага жакыныраак нерсе. Партиялардын программаларын карап чыктым, тилекке каршы, бардыгыныкы окшош. Баары бактылуу жашоону каалашат, бирок көйгөйлөрдү чечүү жолу аз, ага жетүүнүн жолун бардыгы эле биле бербейт. Бейиш эле эмес, тозок да бар экенин унутуп калышат. Мыйзамдын эки тарабы бар, аткарылганы жана аткарылбай калганы. Парламент акырындап ишке кирип, бутуна туруп, элдин жашоосун жакшырта турган программалар боюнча иштеп баштайт деп үмүттөнөм. Бардык программалардын ичинен эң мыктысын тандадым деп айта албайм, болгондордун ичинен жакшыраагын карадым. Болгону ушул. Бул биздин мамлекет, биздин программалар, биздин партиялар", — деди Жапаров.
Жапаров өлкө тарыхында алгач ирет президенттин администрациясы жана министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга болорун белгилеген.
Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео
Министрлер кабинетинин башчысы шайлоо алдындагы процесстердин жүрүшүндө өнөктүккө жана үгүт иштерине киришкендиги үчүн мамлекеттик 12 кызматкер жазалангандыгын айтты. Алардын ичинен алтоо иштен бошотулган, бирөө кызматынан четтетилген, бир нече киши сөгүш алган.
"Кандай гана болбосун, жарандардын тандоосун тааныйбыз жана сиздер тандаган адамдар менен иштешебиз. Биздин шайлоого жана шайланууга укугубуз бар. Сиздер татыктуу тандоо жасап, өз кызыкчылыгыңыздарды жактап, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, пенсияларыңызды жана айлык акыңыздарды жогорулата турган мыйзамдарды жаза турган депутаттарды шайлайсыздар деп ишенем", — деп айтты Жапаров.
Ал жарандардын бекем позициясына ишене турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0