Садыр Жапаров айыл чарба министрине жана эки аткаминерге сөгүш берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАйыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков. Архив
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Мамлекет башчысы жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин сугаруу иштери талапка ылайык жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеевге сөгүш берди.
Мамлекет башчысы жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин сугаруу иштери талапка ылайык жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.
"Дыйкандар ызы-чуу сала баштаганда гана кириштиңиздер", — деген Жапаров.
Президент сугат мезгилине эрте даярдык көрүү зарылдыгын белгилеп, буга сөгүш жарыяланган жетекчилер жоопкерчиликтүү болорун кошумчалаган.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айыл чарба министрине катачылыктарды жоюу үчүн жаңы жылга чейин убакыт берерин, болбосо президентке жоопкерчилигин кароо боюнча сунуш айтыларын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0