Миллиарддарды жешкен. Жапаров кирешелүү тармактардагы көйгөйлөрдү тизмектеди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Жапаров айрым тармактын жетекчилерин алмаштыргандан кийин киреше өскөнүн жана чыныгы көлөмү ачыкталганын айткан.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Киреше бере турган мамлекеттик мекемелер менен тармактарды көзөмөлгө алсак коопсуздугубуз камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Жыйынга кеңештин жана министрликтердин өкүлдөрү катышкан.
"Мамлекеттик мүлк мекемелерин ай сайын, керек болсо жума сайын отчетун алып, текшерип турушубуз керек. Кандай иштер жүрүп жатат, кайсы багытта бара жатат, канча киреше тапты жана ушул сыяктуу маселелерди керек болсо күнүгө алып турсак болот", — деди Жапаров.
Жапаров киреше берчү тармактардагы көйгөйлөрдү тизмектеп берди:
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Эки ай берем. Жапаров жыйында Ташиевди тургузуп алып тапшырма берди. Видео
MegaCom боюнча айтайын. Ушул жылдын башында анын башчысын алмаштырып, келишим түзгөнбүз. Мурдагы жылдары эки-үч миллиардга чейин таза киреше берип жаткан болсо, акыркы жылдары 500 миллионго түшүп калган. Тарифтер, абоненттери ошондой эле, бирок киреше төмөндөгөн. Мен жаңы жетекчи коюп туруп, минимум 1,5 миллиардга чыгарасың, болбосо жоопко тартыласың дегем. Мына бүгүн 1,5 миллиард таза киреше берди. Бир миллиард сом каякка кетип жүргөн? Мындай фактылар көп;
Темир жол боюнча. Мурда 2 миллиард карыз болгон. Мен июль айында жетекчисин алмаштырдым дагы, эгерде коррупцияга аралашып, мурдагыларга окшоп ичип-жеп кетсең дароо камаласың, түрмөдөн чыкпайсың дегем. Алты айдын ичинде 1 миллиард 578 миллион таза кирешеге чыгышты. Тапкан кирешесине Луговойдон тарта Кыргызстандын аймагындагы бардык темир жолдорду оңдой баштадык, жаңы вагондор келе баштады;
Аэропорт боюнча. Быйыл салыктарды төлөгөндөн кийин 3 миллиард 110 миллион сом таза киреше болду. Мурда 1 миллиард 800 миллион сом гана пайда көрүшкөн. Калган акча кайда кеткен? Ошол эле рейстер, ошол эле тарифтер, ошол эле аэропорт;
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жапаров: кээде "кап" деп, жарыштан четтеген талапкерлерге ичим ооруп калат
"Дастан" заводу боюнча дагы мурдагы бийликтин убагында камалгандар болгон. Алар ошол заводдун таза кирешесин жеп жүрүшкөн, шайлоого колдонуп салышкан. Муну дагы көзөмөлүмө алдым. Мурда карызга батып калган болсо, быйыл 1 миллиард сомго таза кирешеге чыгабыз деп турат;
Ошондой эле "Айдаркен" жана "Кадамжай" комбинаттарын дагы иштете баштадык. Кудай буюрса, жакын арада киреше бере башташат;
"Кыргызнефтегаз" боюнча, жылдын башында жаңы жетекчи койгонбуз. Таза кирешени 3 эсеге көтөрүп жатат;
Мунай иштеп чыгуучу КПК жумушчулардын эмгек акысын 10 эсеге көтөрүп берип жатат.
Буга чейин Жапаров жыйындын катышуучуларына кайрылып жатып энергетика тармагындагы мыйзамсыз схемаларды ачыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0