БШК жаңы эреже менен өтө турган шайлоонун бюллетенин көрсөттү. Сүрөт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүБишкектеги шайлоо участогунда бюллетендери менен аял. Архив
Бишкектеги шайлоо участогунда бюллетендери менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Бул ирет шайлоочу үч тандоо жасайт. Ошондой эле кайсы талапкерге добуш бергенин көрүп-билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы эреже менен өтө турган парламенттик шайлоонун бюллетенинин үлгүсүн көрсөттү.
Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтүп жатат. Пропорционалдык тутум боюнча бюллетендин үстү жагына 21 партиянын аталышы, астына 54 нумерация коюлат. Жаңы эрежеге ылайык, шайлоочу алгач партияны, андан соң конкреттүү бир талапкердин тизмедеги катар номерин тандашы керек.
Ал эми бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүү мурдагыдан айырмаланбайт. Талапкердин аты-жөнү жазылган номердин тушуна белги коюу жетиштүү.
Жалпылап айтканда, кыргызстандыктар үч тандоо жасап, кайсы талапкерди шайлаганын көрүп-билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жекшемби, 28-ноябрда, өтөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан келгендерге 36 мандат берилет.
Добуш берүүнүн жол-жобосу тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги түшүндүрмө иретинде даярдаган видеодон көрө аласыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0