ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды

© Sputnik / Табылды КадырбековМөңгүлөр. Архив
Мөңгүлөр. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Бул демилгени президент Садыр Жапаров ушул жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында айтып, өлкөдө экосистеманын биологиялык ар түрдүүлүгү жоголуу коркунучунда турганын белгилеген.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. ЮНЕСКО Кыргызстан демилгелеген тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча "Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү" аттуу жаңы резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Резолюция кечээ, 23-ноябрда, ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынган.
Мөңгүлөрдү талкалагандарга каршы туруш керек. Жапаровдун видеокайрылуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Мөңгүлөрдү талкалагандарга каршы туруш керек. Жапаровдун видео кайрылуусу
Бул демилгени президент Садыр Жапаров ушул жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында айтып, Кыргызстанда мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү да жоголуу коркунучунда турарын белгилеген. Мамлекет башчы андан кийин Глазго шаарындагы экологиялык саммитке катышкан.
Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен Кыргызстандын резолюциясына ЮНЕСКОнун бир нече мүчө мамлекеттери демөөрчүлүк кылган. Алар Россия, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Бангладеш, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Тунис, Испания, Мадагаскар, Аргентина, Конго, Корея, Италия, Беларусь, Кения, Габон, Намибия, Казакстан, Исландия, Улуу Британия жана Австрия.
"Кыргызстандын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү тарабынан бул резолюциянын долбоорун илгерилетүү боюнча кеңири эл аралык кампания жүргүзүлдү. Резолюциянын негизги максаты — келечек муундарды туруктуу өнүктүрүү принциптеринин негизинде коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрө менен камсыз кылуу. Ошондой эле 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу тоо мөңгүлөрүнө жана түбөлүк тоңго мониторинг жүргүзүү, изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө", — деп жазылган маалыматта.
ЮНЕСКО компетенттүү чөйрөлөрүндө өзүнүн ишенимдүүлүгүн, ченемдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, тажрыйбаларын пайдалануу менен сектор аралык мамилелерди жана биримдикти чыңдоо аркылуу тоо мөңгүлөрүн изилдөө жана мониторинг жүргүзүүгө байланышкан маселелерди артыкчылык менен чечүүгө эл аралык коомчулукту бириктире алат.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0