Парламенттик шайлоого эл аралык 730 байкоочу көз салмай болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо участогуда добуш берип жаткан адамдар. Архив
Шайлоо участогуда добуш берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Байкоочулардын арасында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет өлкөлүк шайлоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия парламенттик шайлоого 295 байкоочуну каттады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Муну менен 23-ноябрга карата БШК жалпы эл аралык 730 байкоочуну каттаган.
"Булардын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет өлкөлүк шайлоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар", — деп айтылат маалыматта.
Шайлоого байкоочу жөнөткөн уюмдар:
  • КМШ миссиясы — 190 байкоочу;
  • ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укуктары бюросунан — 288;
  • ЕККУ Парламенттер аралык ассамблеясынан — 70;
  • ШКУ миссиясы — 17;
  • Европанын парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинен — 14;
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер ассамблеясы — 19;
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюмунан — 9;
  • Ислам кызматташтыгы уюмунан — 5 байкоочу.
БШК, мындан сырткары, шайлоого көз салуу үчүн бир нече мамлекеттин элчиликтеринен өкүлдөр келерин белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда (жекшемби) болот. Анда 90 депутаттын ичинен 54ү партиялык тизме менен шайланат. Калган 36сы бир мандаттуу округ менен келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0