Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек ара кызматкерин шеврону. Архив
Чек ара кызматкерин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Конституциянын 71-беренесине ылайык, Марат Маралбаев Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары болуп бекитилди.
БИШКЕК, 22-ноя. – Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси Курсанбек Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин башка буйругу менен ушул эле кызматка Марат Маралбаев дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0