Жазаланасыңар! Ниязбеков милиционерлерге шайлоо боюнча 10 тапшырма берди

© пресс-служба мэрии города БишкекМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
ИИМ башчысы бул шайлоо таза өтүп, элдин жеке тандоосу ишке ашканы менен айырмаланышы керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Түшкөн фактыларга салкын мамиле жасап, элдин же шайлоого тартылган байкоочулардын, коомдук уюмдардын кайрылууларына көңүл бурбай, юридикалык баа берүүнү уюштура албаган жетекчилерге катуу тартиптик жаза колдонулат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдирди.
Жыйынга министрдин орун басарлары, Борбордук аппараттын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
ИИМ башчысы бул шайлоо таза, калыс өтүп, элдин жеке тандоосу ишке ашканы менен айырмаланышы керектигин белгиледи.
Аны менен катар төмөнкүдөй 10 тапшырма берди:
  1. Үгүт иштери маалында жана добуш берүү күнү коомдук коопсуздук менен жол кыймылынын эрежелерин сактоо күчөтүлгөн тартипте камсыздалсын;
  2. Шайлоо участокторуна бөлүнгөн кызматкерлерге тиешелүү шарттар түзүлсүн. Анын ичинде тамак-ашы, медициналык бет каптары жана башка керектүү каражаттары менен камсыздоо маселеси жеринде чечилсин;
  3. Бюллетендерди жер-жерлерге коштоп жеткирип, андан ары ар бир участокто шайлоо техникасы менен кошо кайтаруу иштери колго алынсын;
  4. Коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга күнү-түнү кайгуул уюштурулуп, тартип бузууларга жол берилбесин;
  5. Добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, шайлоо участкасына элди ташуу, ар түрдүү туура эмес маалыматтарды таратып элди бөлүп-жаруу, калк арасына бүлүк салуу жана башка ушул сыяктуу коомго жат окуяларга жол бербөө үчүн алдын ала мониторинг жүргүзүп, аныкталган фактыларга катуу чара көрүлсүн;
  6. Ички иштер органдарынын документтештирүү топтору күчөтүлгөн тартипте иш алып барсын. Анын ичинде келип түшкөн ар бир маалыматты ыкчам текшерүү, жеринде тез арада териштирүү иштери жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынсын;
  7. Добуш берүүгө келген жарандарга сылык мамиле жасап, санитардык нормаларды жана маданияттуулукту сактоо боюнча эскертүү берилсин. Шайлоо участокторунун айланасында адамдардын жана автоунаа тыгыны пайда болуп элдин нааразычылыгы жаралган учурларга жол берилбесин;
  8. Ар бир райондук жана шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери, алардын орун басарлары шайлоо участокторуна тынымсыз барып, милицияга тиешелүү болгон көйгөйлөрдү жеринде чечүү иштерин жүргүзсүн;
  9. Шайлоо участокторунун айланасында, ага жакын аймактарда жол кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзүп, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен баарлашууда туура түшүндүрүү, жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү иштери жүрсүн;
  10. Бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын! Мындай факты аныкталса ким болбосун катуу тартиптик жазага тартылат.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0