Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, абактан чыкты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Архив
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Эки аткаминер тең Кумтөр кенине байланыштуу мыйзамсыз иштерге айыпталууда. Алардын бири июнда, экинчиси сентябрь айында камалган.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасы кайрадан каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлады.
“Соттун 20-ноябрындагы токтомуна ылайык, КР Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурорунун өтүнүчү канааттандырылды жана шектелүүчү Оторбаевге карата мурда тандалган камакка алуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алуу менен бошотулду”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Темир Сариев эч жакка кетпөө шарты менен абактан чыгарылды
Оторбаев УКМКнын тергөө абагында калтыруу мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылган болчу.
Атайын кызмат Оторбаевди Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 16-сентябрда кармаган. Ал "Кумтөр голд компанинин" (Центерра Голд Инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0