Темир Сариев эч жакка кетпөө шарты менен абактан чыгарылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Жазылуу
Экс-премьер Кумтөр кенинин иши боюнча экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелип жатат.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Темир Сариевди Бишкектин Биринчи май райондук соту эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.
“Саясатчы 30-ноябрга чейин камакта болмок. Бирок сот 20-ноябрь күнү баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту”, — деп айтылат билдирүүдө.
Экс-премьер 3-август күнү Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камалган. Ал экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кени боюнча иште экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон деп шектелип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0