Депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Камчыбек Жолдошбаев. Архив
Депутат Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Кечээ атайын кызмат Жолдошбаевдин кудасын добуш сатып алуу үчүн акча тараткан деген шек менен кармаган.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди. Мындай чечим 18-ноябрда БШКнын 11 мүчөсүнүн добушу менен кабыл алынды.
Кечээ УКМК Жолдошбаевдин кудасы добуш сатып алууга шектелип кармалганын билдирген. Анын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталганы айтылган.
Бул боюнча УКМК Борбордук шайлоо комиссиясына кат жолдоп, кабардар кылган.
Аны негиз кылып БШК талапкерди шайлоого катышуу укугунан ажыратты.
Камчыбек Жолдошбаев Бишкектин Ленин округунан талапкерлигин койгон болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0