ЖАМК делегациясы Россиядагы түзөтүү мекемелеринде болуп, форумга катышат

© Фото / пресс-служба ГСИНКР менен РФтин Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери Аскат Эгембердиев жана Александр Калашников жолугушуу учурунда
КР менен РФтин Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери Аскат Эгембердиев жана Александр Калашников жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Делегация курамындагы адистер абактан чыккандарды коомго аралаштыруу, түзөтүү мекемелеринде зордук-зомбулук, экстремизмди алдын алуу маселелерин да талкуулашты.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Москва шаарында КР менен РФтин Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери Аскат Эгембердиев жана Александр Калашников кызматташууну талкуулап, өз ара иштешүү боюнча 2022-2023-жылдардагы программага кол коюшту.
Москвадагы КМШга мүчө мамлекеттеринин коопсуздук кеңешинин катчыларынын IX жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Москвадагы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук катчыларынын жыйынына Иманкулов катышты
Маалымат кызматы эки тарап 2011-жылы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлгандан бери кызматташып келе жаткандыгын кошумчалады.
Иш сапардын алкагында кыргызстандык жаза аткаруу тутумунун делегациясы Рязань шаарында өтө турган эл аралык пенитенциардык форумга катышып, Волгоград облусундагы бир катар түзөтүү мекемелеринде болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0