"Факты бер" деп отурбайбыз. Жапаровдун коррупция менен күрөшүү тууралуу айтканы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Жапаров адам өлтүрүү учурларын журналисттер менен блогерлер кандай резонанс менен жазса, коррупциялык фактылар андан он эсе ызы-чуу менен берилиши керектигин айткан.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров азыркы бийлик коррупция боюнча маалымат түшсө мурдагыдай болуп факт бергиле деп сурап отурбай дароо чара көрөрүн айтты. Мамлекет башчы адам өлтүрүү учурларын журналисттер менен блогерлер кандай резонанс менен жазса, коррупциялык фактылар андан он эсе ызы-чуу менен берилиши керек.
"Биз мурункудай факт бер деп отурбайбыз. Далилдеп бересиңерби, ошол замат чечим кабыл алабыз. Бир күн да создуктурбайбыз", — деди Жапаров.
Открытие фармацевтического завода компании Эвалар в Бийске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Башкы прокурор: министрлик 179 миллион сомго кереги жок вакциналарды алган
Ал өлкөдөгү 30 жылдан берки иштерге аудит жүргүзүү керек деген сунуш боюнча тиешелүү органдар иштеп жатканын кошумчалаган.
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бажы тармагындагы коррупциялык иштер тууралуу журналисттердин иликтөөсүнө комментарий берип жатып "факты бергиле" деген. Кийин өзү анын себебин түшүндүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0