Бүгүн Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин отуруму болуп, ага Жапаров катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Жыйында коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, жемкорлукка каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери жана башкалар талкууланат.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 16-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, байкоочу мүчөлөр — өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана башкалар катышат.
"Жыйында өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштөгү ролу жана башкалар талкууланат", — деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Соттолуп кетесиңер! Садыр Жапаров элди добушун сатпоого чакырды
Жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат. Түз эфир 10:00дө башталат.
Эске салсак, Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0