Акылбек Жапаров 13 статс-катчыны ээлеген ордунан бошотту. Тизме

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Президенттик администрация мониторинг жүргүзүп, статс-катчы институтунун майнаптуулугун көрсөтө алган эмес деген тыянак чыгарган.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлик жана ведомстволордун статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган чечим "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам күчүнө киргендигинен улам кабыл алынган.
Буга чейин президенттик администрация статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында бул институттар майнаптуулугун көрсөтө алган эмес деген тыянак чыгарган. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 29-октябрда кол койгон.
Төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:
  • Акмолдоев Айбек Кудайбергенович — Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;
  • Алишеров Нурдин Куванычбекович — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
  • Бардинова Нуржан Арзыкуловна — Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
  • Бопушева Жылдыз Жоробековна — Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы;
  • Бөрүбаев Самат Нарматович — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
  • Кененбаев Чыңгыз Токтобекович — Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
  • Мамбетов Азамат Муратович — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
  • Мамыров Кутман Өмүрзакович — Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
  • Мойдинов Исламбек Жанышович — Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
  • Сагымбаев Абдисамат Акимович — Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
  • Секимов Бактыбек Шайыкбекович — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы;
  • Шадыханов Калысбек Токтосунович — Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
  • Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич — Юстиция министрлигинин статс-катчысы.
Статс-катчынын милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларына жүктөлөт.
Статс-катчы деген ким экенин жана колунда кандай бийлик болгонун буга чейин Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуп алсаңыз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0