Жапаровдун Түркияга болгон сапары. Саммит эмне менен жыйынтыкталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка президента КР Садыра Жапарова в Стамбул
Рабочая поездка президента КР Садыра Жапарова в Стамбул - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
Эң маанилүү чечимдердин бири Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешин Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) деп өзгөртүү жана анын макамын жогорулатуу болгон.
БИШКЕК, 13-ноя. – Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында президент Садыр Жапаров катышкан Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
Министрдин маалыматын өлкө башчынын аппараты жарыялады. Казакбаевдин сөзүн тезис менен беребиз.
Саммиттеги эң маанилүү чечим – бул Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешин Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) деп өзгөртүү жана анын макамын жогорулатуу болду;
Кыргызстан үчүн кабыл алынган бир катар чечимдердин ичинен Инвестициялык фонд маанилүү. Тиешелүү министрликтерге бул каржы институтун 2022-жылдын 1-сентябрына чейин түзүү тапшырмасы берилди. Биз фонддун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырууну сунуштап жатабыз;
Встреча президента Садыра Жапарова с президентом Турции Реджепом Эрдоганом в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Президент Жапаров Эрдоган менен жолукту. Талкууланган маселелер
Мамлекет башчылары кол койгон башка маанилүү чечимдердин катарында: Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө байкоочу статусун жана өнөктөш макамын берүүнүн критерийлерин аныктоо. Муну менен жакынкы келечекте уюмда байкоочу статусуна же өнөктөш статусуна арыздарды кароо үчүн укуктук негиз түзүлдү. Бул маселе боюнча кол коюлган чечимдер Түрк мамлекеттери уюмунун кызыкдар өлкөлөр менен кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө түзөт;
Өзүнчө маанилүү чечим болуп "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" стратегиялык документин бекитүү болду. Документти түзүү үчүн бардык ТМУ өлкөлөрүнүн эксперттик топтору тарабынан көп иштер аткарылды, алар уюмду 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн этап-этабы менен программасын иштеп чыгышты;
Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү: Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Президент Садыр Жапаров ТМУ байкоочу өлкөсү – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Акыркы жылдары бул өлкө менен мамилелер бардык багыттарда кеңейип, тереңдеп жатат. Мисалы, Будапештте Кыргызстандын элчилиги ачылды, Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду түзүлдү, анын уставдык капиталын 50 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги кеңейүүдө жана жакында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда биринчи авиакаттамды ачуунун үстүндө иштеп жатабыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0