Партия лидерлери качан жана ким менен теледебатка чыгары аныкталды

© Sputnik / Владимир АстапковичТеледебаттын катышуучусу. Архив
Теледебаттын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Дебатка күн сайын төрттөн партия чакырылат. Биринчи болуп "Аруузат", "Ишеним, "Ынтымак", "Альянс" партиялары кездешет.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партия лидерлеринин КТРКдагы теледебаты 22-ноябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШК дебатка чыга турган партиялар арасында чүчү кулак өткөрүп, ким менен ким чыгары аныкталган. Күн сайын төрттөн партия чакырылат.
  • 22-ноябрь — "Аруузат", "Ишеним, "Ынтымак", "Альянс" партиялары;
  • 23-ноябрь — "Жашасын Кыргызстан", "Жашылдар партиясы", "Ата Журт Кыргызстан", "Азаттык" партиялары;
  • 24-ноябрь — "Күчтүү регион", "Ордо", "Ата Мекен", "Ыйман нуру" партиялары;
  • 25-ноябрь — "Улуттар биримдиги", "Улуу журт", "Кыргызстан биримдиги", "Эл үмүтү";
  • 26-ноябрь — "Мекенчил эл", "Багыт", "Бүтүн Кыргызстан", "Легалайз", "Социал демократтар".
Дебаттар кечки саат 22:20да башталып, эки саатка созулат. Ал эми 26-ноябрда беш партия катышкандыктан 2 саат 25 мүнөт берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0