Ташиев: шайлоого аз калганда добуш сатып алгысы келгендер боюнча маалымат бар

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
УКМК төрагасы кызматкерлер шайлоо алдында күнү-түнү иштеш керектигин айтып, добуш сатуу алуулар болуп кетсе жазалана турганын айтты.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттангандардын арасында шайлоого 2-3 күн калганда добуш сатып алгысы келгендер боюнча маалымат бар. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абаддагы имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда билдирген. 
Анын пикиринде, бийликтин чара көргөнүнө карабастан шайлоо мыйзамдарын бузуулар болуп жатат. 
"Кандидаттар өздөрү дагы мыйзамды сакташы керек. Бизде көптөгөн талапкерлер бир апта, эки-үч күн калганда добуш сатып алып баштайбыз деп күтүп жатканы боюнча маалымат бар. Силер (кызматкерлер) күнү-түнү уктабай көзөмөлдөшүңөр керек. Эгер добуш сатып алуулар болуп кетсе, кызматкерлер жазаланат", — деген Ташиев. 
Ал добуш сатып алганы аныкталгандар да жазага тартыларын эскерткен. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарыл экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0