Заир Чокоев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаир Чокоев, советника председателя Национального банка Кыргызской Республики
Заир Чокоев, советника председателя Национального банка Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Чокоев мурда 7 жыл Улуттук банктын төрагасынын орун басары, 2010-жылы төраганын милдетин аткаруучу кызматын аркалаган.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Заир Чокоев Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Чокоев финансы министринин орун басары — Борбордук казыналыктын директору болуп иштеп жаткан.
Ал 2007-2014-жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары, 2010-жылы төраганын милдетин аткаруучу кызматын аркалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0