Айпери Кубик кызы, Бек Борбиев. Шайлоого бараткан ырчы-чоорчу, актёрлор

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнадагы микрофон. Архив
Сахнадагы микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Парламенттик шайлоого бара жаткан талапкерлердин тизмесинен маданият жана шоу-бизнес өкүлдөрүн көрө алдык. Алардын ичинде актёру, акыны, ырчысы, режиссёру дагы бар.
Кимди кийин Жогорку Кеңештен көрүп калышым мүмкүн деп кызыгып жатсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалды окуңуз.

Бек Борбиев

© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Кыргыз Республикасынын эл артисти Бек Борбиев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргыз Республикасынын эл артисти Бек Борбиев
Бек Борбиев бул ирет парламенттик шайлоого "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен аттанган. Ал тизмеде 17-болуп Беродор Борбуев деп катталган. Ырчы 52 жашта. Азыркыга чейин чыгармачылык менен алектенип келет. 2002-жылдан 2010-жылга чейин Бажы кызматында иштеген. 2010-жылдан 2012-жылга чейин Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген. Кыргыз Республикасынын эл артисти.

Гүлсина Чотонова

Актриса жана КТРКда режиссёр Гүлсина Чотонова да Жогорку Кеңешке бара жаткандардын катарында. Маданият өкүлү "Аруузат-Эл-Куту" партиясында 19-болуп жазылган. Чотонова режиссёр Геннадий Базаровдун "Карагыз" тасмасында майып кыздын ролун ойноп, "Ак шоола" сериалына жана башка фильмдерге тартылган.

Темирлан Сманбеков

КРдин эмгек сиңирген артисти, өмүрүн театрга арнаган актёр Темирлан Сманбеков шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен аттанган. 64 жаштагы талапкер партиянын тизмесинде бешинчи орунда турат. Буга чейинки парламенттик шайлоого да ушул партия менен барган. Чыгармачылык жолунда бир нече спектакль жана тасмаларда түрдүү ролдорду жаратып эл оозуна алынган. Ал буга чейин Бишкекте Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын жана Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрын жетектеген. Учурда Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору.

Айпери Кубик кызы

© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Ырчы Айпери Кубик кызы
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ыйман Нуру Айпери Калыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ырчы Айпери Кубик кызы
"Ыйман нуру" партиясында 30 жаштагы ырчы Айпери Кубик кызы бар. Тизмеде ал Айпери Калыкова деп көрсөтүлүп, 12-орунда. Ырчы куудул Кубик Калыковдун кызы. Учурда шоу-бизнесте чыгармачылык менен алектенип жүрөт. Төрт жыл КРдин Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабында солист катары кызмат кылган.

Сонунбүбү Кадырова

Сонунбүбү Кадырованы көпчүлүк акын катары тааныйт. Мындан сырткары, ал ырдайт, ЖМК өкүлдөрүнүн катарын да толуктайт. Кадырова шайлоого "Улуу журт" партиясы менен аттанган. Тизмеде 4-орунда.

Максат Кулуев

Талапкерлердин катарында төкмө акын, ырчы, алып баруучу Максат Кулуев бар. Ал Жогорку Кеңешке "Азаттык" партиясы менен баратат. Партиянын тизмесинде 47-орунда. Учурда ал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда иштейт.

Ырыс Окенова

Шайлоодо дараметин сынап көрөйүн дегендердин катарында режиссёр Ырыс Окенова дагы бар. Ал "Багыт" партиясынын 4-катарына Ырыскүл Окенова деп катталган. Ырыс Окенова КТРКда эмгектенип "Президент жана бомж", "Ак шоола" сыяктуу бир катар тасмаларга режиссёрлук кылган. Талапкер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы.
Бир мандаттуу округдан талапкерлер:
Маданият кызматкерлеринин арасынан бир мандаттуу округдан куудул Жамбыл Камчиевди гана көрүүгө болот. Ал талапкерлигин №7 Ош шайлоо округунан койгон. Жамбыл Камчиев Жалал-Абад облустук филармониясында артист. Кезинде "Аралаш" куудулдар тобунун солисти болгон. Бир нече жолу президенттик шайлоого да талапкерлигин койгону маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0