Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Жапаров саммитте башка мамлекеттердин башчылары, эл аралык климаттык уюмдардын жана өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрө турганы айтылды.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш сапардын алкагында өлкө башчы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы тараптарынын 26-конференциясына катышып, дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жапаров БУУнун башкы катчысы Гутерришти куттуктап, жолугушууну сунуштады
Мындан сырткары, Жапаров саммитте башка мамлекеттердин башчылары, эл аралык климаттык уюмдардын жана өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрө турганы айтылды.
БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы тараптарынын 26-конференциясы 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Глазгодогу шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. Аны Италия менен Улуу Британия уюштуруп жатканы маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0