Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетти

© Фото / пресс-служба ЖКВице-спикер Нурбек Сыдыгалиев. Архив
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы ЖК спикери кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып талапкер катары каттоодон баш тарткан.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырды.
Анын жазган арызын вице-спикер Аида Касымалиева депутаттарга окуп берди.
Ал эми төрага Талант Мамытовдун маселеси такталып жатканын билдирди. Ал бүгүнкү жыйынга катышкан жок.
Белгилей кетсек, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып талапкер катары каттоодон баш тарткан. Спикер "Ынтымак" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган.
Жаңылыктар түрмөгү
0