06:37 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
237 0 0

Кечээ Бажы кызматынын төрагасы жана эки орун басары алмашкан. Жаңы жетекчиге бюджетти толтуруу боюнча тапшырмалар берилди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагалыгына жаңы дайындалган Адилет Кубанычбековго бажыдан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлду. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Бажы кызматынын төрагасы жана эки орун басары алмашкан.

"Бажы кызматынан акча түшүүлөр боюнча быйылкы план 38 миллиард сом. Ошону эмдиги жылы 105 миллиард сомго көтөрөсүң деген милдет койдук. Быйыл эгер кытай тарап айткан алгоритмди ишке ашырсак, бизде ачык-айкындуулук болсо, кирип жаткан машиналардын санын эки эсе көбөйтөбүз. Кечээ "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттеринен 30дан машина өттү. Кытай жакынкы 10 күндүн ичинде дагы эки эсе көбөйтөбүз деп жатат. Андай болсо бул жигит (жаңы төрага — ред.) күнүнө 100 машинадан өтө турган деңгээлге жеткириши керек", — деди Жапаров.

Өкмөт башчынын айтымында, Кытайдан ай сайын 5 000 машина кирип турушу керек. Ташылган жүктүн бир килограммынан жок дегенде бир доллардан ала турган болсо, бир жылда 1 миллиард 188 миллион долларга чейин кошумча акча түшөт.

Жапаров ушундай механизмди президентке көрсөтүп, өкмөттүн планын бекитип иштер башталганын белгиледи.

Тема боюнча

Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси
Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат
Белгилер:
Акылбек Жапаров, Мамлекеттик бажы кызматы, Адилет Кубанычбеков, тапшырма

ЭҢ МААНИЛҮҮ