"Кант" авиабазасына "аскердик интернет" коюлат. РФ министрлигинин чечими

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүАскер кызматкерлери компьютерлер менен. Архив
Аскер кызматкерлери компьютерлер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
"Аскердик интернет" менен быйыл жыл соңуна чейин Тажикстан камсыздалып, кийинки жылы Кыргызстанда ишке ашырылат.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларында байланыштын жаңы системалары түзүлөт. Бул туурасында "Известия" порталы РФтин Коргонуу министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматта жаңы системаны ташып жеткирүү графиги макулдашылып бекитилгени белгиленген. Мындай система Борбор Азия аймагын үзгүлтүксүз жана корголгон байланыш менен камсыздоого, ошондой эле санариптик маалыматтарды берүүгө шарт түзөт. Келечекте аталган техника жадагалса өтө алыскы райондор менен да маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет.
Жыл соңуна чейин Тажикстандагы 201-аскер базасы жаңыланып бүтөт. Жабдууларды батальондук байланыш гана эмес, башка бөлүктөрү дагы ала алат. Бул иштердин жыйынтыгында 201-аскер базанын байланыш системалар паркын толугу менен жаңылоо пландалууда.
Танк Т-72. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Россия Тажикстандагы аскер базасынын согуштук машиналар паркын жаңылайт
Ал эми "Кант" базасын жабдуу кийинки жылга пландалган. Радиостанциялардан сырткары, авиация менен маалымат алмашууну камсыздаган каражаттар дагы жаңыланат.
Борбор Азиядагы россиялык аскерлер командалык-штабдык машиналарды, спутник станциясы жана радиорелейлик байланыштарды жана аппараттарды алары айтылууда. Жаңы техникалар тоолуу аймактардан санариптик маалыматты берүүнү камсыздашы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0