Садыр Жапаров администрациясында Кырдаалдык борбор түздү

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Жаңы борбордун аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында да иш алып бара турганы айтылды.
БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Президенттин жана министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү боюнча президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору түзүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Бул түзүм боюнча Жапаров атайын жарлык чыгарган.
"Ага ылайык, президенттин жана министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында президенттик администрациянын Кырдаалдык борборун түзүүгө токтом кылат", — деп айтылган маалыматта.
Буга чейин президенттик администрацияда кадрдык дайындоолор болуп, төрт башкармалыкка жетекчи дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0