Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМосквадагы талибдердин делегациясы
Москвадагы талибдердин делегациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Кабуловдун айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдерден "чечкиндүүрөөк жана батыл кадамдарды" күтүп жатат.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Талибдерде ("Талибан"*) инклюзивдик өкмөттү түзүү боюнча кандайдыр бир мөөнөт боюнча алкак, чектөө жок. Бул тууралуу РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия департаментинин экинчи директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жок, эч кандай мөөнөт коюлган эмес. Бул "Москва форматынын" милдети да эмес болчу. Биз талибдерге алардын мындан аркы иши жана анын графигин тагуу үчүн чогулган жокпуз, андай эмес", — деген Кабулов "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде журналисттерге брифинг өткөрүп жатып.
Диломаттын айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдер "чечкиндүү жана батыл кадамдарды" жасайт деген пикирде.
Кабулов, андан сырткары, Москва талибдерден элге карата либералдуу мамиле кылууну күтө тургандыгын айтты.
Ситуация у аэропорта Кабула - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Россия: Афганистандын жаңы бийлиги элдин жашоосун жакшыртууга аракет кылууда
"...Жаңы бийликтен биз көбүрөөк либерализмдин жаралышын, ооба, өзүнүн маданий-диний салттарына таянышын, бирок либерализмдин көбүрөөк болушун күтүп жатабыз", — деди Кабулов.
Буга чейин да аталган темада кеп кылган Кабулов Москвадан талибдерге дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак төшөп, ири алдыда элдин үнүн угуу боюнча айткандарын билдирген.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0