Россия менен АКШда окуган. Экономика министринин жаңы орун басары дайындалды

© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерцииСейилбек Урустемов экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары (оң жакта)
Сейилбек Урустемов экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары (оң жакта) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Урустемовду өз ишин мыкты билген адис катары сыпаттап, алдыга койгон тапшырмаларды аткара турганына ишенерин билдирди.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Сейилбек Урустемов экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Урустемовду министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды.
"Урустемов өз ишин мыкты билген профессионал. Буга чейин Улуттук банкта жана Евразия экономикалык комиссиясынын департаментинде иштеген", — деди ал.
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Салык кызматынын төрагасына жаңы орун басар дайындалды
Министрдин жаңы орун басары Россиядагы Обнинск атомдук энергетика институтунда инженер-системотехник адистиги боюнча билим алган. Ал эми Американын Массачусетс штатындагы Вильямс колледжинен экономиканы өнүктүрүү боюнча магистратураны окуган.
Эске салсак, экономика министринин мурдагы орун басары Данияр Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматын тапшырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0