Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды

© REUTERS / WANA (West Asia News Agency)Ситуация в Афганистане после захвата власти талибами
Ситуация в Афганистане после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Кеңешмеде КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга география жактан жакын экенин эске алуу менен бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн XI аймактык эксперттик кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен КМШнын коопсуздук көйгөйлөр боюнча илимий изилдөө институтунун эксперттери катышкан.
"Жыйындын алкагында Афганистанда ички саясий кырдаалдын курчушунда Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ыкчам абалынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. КМШ мамлекеттери террордук активдүүлүк күчөгөн аймактарга географиялык жактан жакын экени, андан улам элге терроризм идеологиясын жайылтуу, экстремисттик жана террордук  иштерге тартуу коркунучу жаралып жатканы айтылды", — деп жазылган маалыматта.
Иш-чаранын катышуучулары бир нече багыт боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилешкен:
  • Борбор Азиядагы террордук, экстремисттик уюмдардын жана мыйзамсыз куралдуу топтордун абалына жана ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат алмашуу;
  • жан кечтилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аныктоо үчүн миграциялык агымдарды тактоо;
  • террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасап, жазадан качкандарга мамлекеттер аралык издөө жарыялоодо координацияланган иш-чараларды жүргүзүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0