Кыргызстанда Американын базасы жайгашабы? Жапаровдун жообу

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүЦеремония смены командования на американской военной авиабазе "Манас"
Церемония смены командования на американской военной авиабазе Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Жапаровдон журналист Афганистандагы акыркы окуяларга байланыштуу Американын базасы орнотулушу мүмкүнбү деп сураган.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстанда АКШнын аскер базасы болбойт. Бул тууралуу Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.
Анда президенттен журналист Афганистандагы акыркы окуяларга байланыштуу Американын базасы коюлушу мүмкүнбү деп сураган. Эске сала кетсек, 2001-жылдан тарта АКШнын базасы "Манас" аэропортунда жайгашып, 2009-жылга чейин ал "Ганси" деп аталып, андан кийин Транзиттик ташуулар борбору болгон.
"Кантта Россиянын базасы бар. 2014-жылы Американын базасы менен келишимди жокко чыгарып, алар чыгып кетишкен. Бизге бир эле база жетет. Эки державанын ортосунда мышык-чычкан ойногубуз келбейт", — деген Жапаров.
Маалымат жыйындын жүрүшү тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясын окуп турсаңыздар болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0