ТЭЦ кум аралаш көмүр жаккан. Жапаров Кара-Кечедеги коррупция, саботаж тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Садыра Жапарова
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Жапаров жай бою бул мафия менен күрөш жүргөнүн, учурда ТЭЦке таза көмүр жагылып жатканын айтты. Жакынкы убакытта техникаларды бүлүндүргөн диверсанттар чыкканын да ачыктады.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кара-Кечедегилер кум аралаш көмүрлөрдү сатып, коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналисттер менен болгон маалымат жыйында билдирди.
Өлкө башчы быйыл кышка даярдык жакшы экенин жана көмүрдүн баасын көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма бергенин белгиледи.
"Кара-Кече ишин кеч баштады, ачыгын айтышыбыз керек, себеби саботаж болуп атты. Ал жакта көмүрдөн ичип-жеп жүргөн аткаминерлер камалды. Булар коррупциялык схема түзүп алышыптыр. Ар кайсы жерде филиалдары бар. Маселен, бир филиалына 20 тонна көмүр түштү деп кагазга жаздырып, акчасын бөлүп алышат, бирок көмүрдү түшүрүшпөйт. Анан жетпей калган көмүргө кум аралаштырып ТЭЦке тапшырышат. Ал жактагы лаборанттар дагы таза көмүр деп өткөрүп койчу экен. Биз ошол көмүрдү жагып жүрүптүрбүз. Капкара түтүн болуп күйбөй жатканы ошондон экен", — деди президент.
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
УКМК эмнеге унчукпай отурушу керек. Жапаров атайын кызматтардын тыңшоосу боюнча айтты
Жапаров жайлата бул мафия менен күрөш жүргөнүн, учурда ТЭЦке таза көмүр жагыларын айтты.
Ошондой эле ал жакынкы убакта диверсанттар пайда болгонун, алар атайын техниканын май куйгучуна шекер салып кетип, мунун айынан автоунаалар бузулуп калганын айтты. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, Жапаров кышында электр жарыгы өчпөй турганына ишендирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0