Президент: диний мекемеде иштеген жарандар шайлоого катыша албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБольшая пресс-конференция президента Садыра Жапарова
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Маалымат жыйында журналисттердин бири динге жакын жарандар саясатка, парламенттик шайлоого аттанып жаткандыгы тууралуу суроо берип, оюн сураган. 
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Диний уюмда же ишканада иштеген жаран шайлоого талапкер боло албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйын учурунда айтты.
Журналист ага динге жакын жарандар парламенттик шайлоого аттанып жаткандыгы тууралуу суроо берген.
"Биз Кыргызстандын Конституциясы менен жашайбыз. Анда дин мамлекеттик иштерден өзүнчө болушу керек. Эгер жаран кайсы бир диний мекемеде иштеген болсо, ал шайлоого катыша албайт", —  деди Жапаров.
Ошондой эле андан окуучу кыздардын мектепке жоолук салынып барып жаткандыгы тууралуу оюн сураганда, президент ар бир жаран өзү каалагандай кийинип жүрүүгө укуктуу деп жооп берген.
Sputnik Кыргызстан иш-чараны тексттик трансляция аркылуу чагылдырып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0