Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү бош текчелер. Архив
Дүкөндөгү бош текчелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Россиянын лидери Валдай форумунда суу жана электр энергиясына болгон тартыштыкты да эске алуу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Азык-түлүккө болгон кризис мындан ары дагы өрчүшүнө бардык негиздер бар. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Валдай форумунда билдирди.
Анын айтымында, бир нече мамлекеттерде, жадагалса региондордо мезгил-мезгили менен азык-түлүк кризиси жаралууда.
"Балким бул боюнча дагы сүйлөшөрбүз. Бирок бул кризис жакынкы күндөрү дүйнө боюнча өрчүшүнө бардык негиз бар. Эң жогорку чегине жетиши мүмкүн", — деди Путин.
Ошондой эле ал суу жана электр энергиясынын тартыштыгын да эске алуу керектигин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0