Жапаров облус, район жана айыл өкмөт башчыларына кеңешме өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Иш-чара 21-22-октябрь күндөрү өтүп, бүгүнкүсүнө мамлекет башчы Садыр Жапаров катыша турганы маалым болду.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ордо калаада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара 21-22-октябрь күндөрү өтүп, бүгүнкүсүнө мамлекет башчы Садыр Жапаров катышат.
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Акча окуучу менен бейтаптын артынан ээрчийт. Бийликтин 5 жылдык программасы
Кеңешме 25-октябрда белгиленчү жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө. Ага министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчынын аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мэрлер, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0