Партиялык система менен 1046 киши депутат болууну мелжеп жатат. Статистика

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Партиялардын тизмесине кирген талапкерлердин 669у эркек, 377си аялдар. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар — 46, башка улуттун өкүлдөрү 189 киши болду.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 21 саясий партия 1 046 талапкерди көрсөттү. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Аталган партиялардын тизмесине кирген талапкерлердин 669у эркек, 377си аялдар. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар — 46, башка улуттун өкүлдөрү 189 киши болду. 35 жашка чейинки талапкерлер — 267.
29-октябрга чейин Боршайком тапшырылган документтердин мыйзамдуулугун текшерип, талапкер катары каттайт.
Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерди тизмесине киргизе алат. Бул учурда ал төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга тийиш:
  • Бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан көп болбошу керек, мында партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпашы шарт;
  • 35 жашка чейинки талапкерлердин саны 15 пайыздан кем болбошу кажет, алардын ичинен кеминде үчөө тизмеде биринчи турган 25 талапкердин катарында болушу керек;
  • Ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбошу шарт, алардын ичинен кеминде үчөө алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • Кеминде эки талапкер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан болушу тийиш, бирөө биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөндөн кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөртүлбөйт. Талапкер тизмеден чыгып кеткен учурда анын номери башка талапкер менен толукталбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0