Жогорку Кеңеш акыйкатчы Токон Мамытовду иштен бошотту

© Фото / пресс-служба ЖКАкыйкатчы Токон Мамытов. Архив
Акыйкатчы Токон Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Мамытовдун парламенттик шайлоого катышары айтылган. "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамга ылайык, мамлекеттик саясий кызматтарды аркалагандар шайлоого аттанса кызматтан четтетилиши зарыл.
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Токон Мамытов Кыргызстандын акыйкатчысы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
"Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндөгү өзүнүн берген арызына ылайык, акыйкатчы Токон Мамытов иштен кетти. Парламентте бул тууралуу токтом долбоору каралып, колдоо тапты", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Мамытовдун 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышары айтылган.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Акыйкатчы, шаардык кеңештин төрагасы. Шайлоого катышам деп иштен кеткендер
Эске салсак, быйылкы жылдын 29-августунда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Андагы 21-беренеге ылайык, мамлекеттик саясий кызматтарды аркалагандар (ЖК депутаттары менен президенттен башкасы) жана муниципалдык саясий кызматкерлер (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан башкалар) шайлоого катышып жаткан учурда кызматтан четтетилиши зарыл.
Ал эми башка мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалагандар жана ЖМК өкүлдөрү талапкерлигин койгондон тарта шайлоо жыйынтыгы угузулганга чейин кызматтык милдеттерин аткарууну токтотуп турушу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0