Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбанов кызматка дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Улан Сарбанов. Архив
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Улан Сарбанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Мекеменин жаңы жетекчиси эмгек жамаатка тааныштырылды. Сарбанов узак убакыт бою Улуттук банкта эмгектенген.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Улуттук банктын мурдагы трагасы Улан Сарбанов Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Аны бүгүн жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырды.
Сарбанов узак убакыт бою (1993 - 2006) Улуттук банкта эмгектенген. Ал 1999-2006-жылдары Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0