Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болмокчу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева. Архив
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Аида Касымалиева парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ага чейин бир катар эл аралык ЖМКларда иштеген, орус, англис тилдерин билет.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды. Мындай чечим Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде кабыл алынганын аталган комитеттен кабарлашты.
"Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылсын", — деген чечим кабыл алынган.
Эми документ Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.
Аида Касымалиева парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ага чейин бир катар эл аралык ЖМКларда иштеген, орус, англис тилдерин билет.
Жаңылыктар түрмөгү
0