Афган делегациясы Өзбекстанга келип, сүйлөшүүлөр башталды

© Sputnik / Рамиз Бахтияров / Медиабанкка өтүүӨзбекстан менен Афганистандын чек арасындагы көзмөл пункту. Архив
Өзбекстан менен Афганистандын чек арасындагы көзмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Жазылуу
Бул жолугушуу тууралуу тараптар Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 7-октябрь күнү Кабул шаарына барганда макулдашылган.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Афганистандын убактылуу өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи Өзбекстанга келип, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзбектан ТИМинин расмий өкүлү Юсуп Кабулжановго шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
"Жолугушуу тууралуу тараптар Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 7-октябрь күнү Кабул шаарына барганда макулдашылган. Афган делегациясын убактылуу өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жетектеп, Өзбекстан делегациясынын башында премьер-министрдин орун басары Сардор Умурзаков турат", — деп айтылат бидирүүдө.
Тараптар соода-экономика тармагын талкуулап, товар жүгүртүү жолдорун биргеликте издешет. Ошондой эле Сурхан — Пули-Хумри электр өткөрүү линиясынын жана Мазари-Шариф — Кабул — Пешавар темир жолунун курулушун баштоо боюнча сөз болору айтылат.
Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын мучөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур
Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, "Талибан"* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.
Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.
Ал эми октябрь айынын башында Россия талибдерди Афганистан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды.
Кийин G20 мамлекеттери кезектеги жыйынында кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, ал тургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур экенин билдиришкен.
* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм
Жаңылыктар түрмөгү
0