Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы байкоочулар. Архив
Шайлоо участогундагы байкоочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин шайлоосу 28-ноябрда өтөт. Өлкөдө VII чакырылыштын депутаттары шайланмакчы.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров КМШ байкоочуларынын миссиясын жана башка уюмдардын байкоочуларын Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде өттү.
"Салтка айлангандай, КМШ байкоочуларынын миссиясы жана башка уюмдардын байкоочулары биздин өлкөбүздөгү парламенттик шайлоолорго мониторинг жасоого активдүү катышат деген ишеничтемин", — деген Жапаров.
Ал ошондой эле жарандардын шайлоо укугун жана эркиндигин камсыздоо жана коргоо өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү принциптеринен болуп саналарын кошумчалаган.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0