Жооптуу кызматта ийгилик каалайм! Мишустин Акылбек Жапаровду куттуктады

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин
Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Мишустин Россия жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турарын айткан.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетинин төрагалыгына дайындалышы менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турарын айткан.
"Өкмөттүк линия боюнча биргелешкен активдүү иштер практикалык кооперацияны мындан ары чыңдоого, жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем", — деген Мишустин.
Россия өкмөтүнүн төрагасы Жапаровго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматта ийгиликтерди каалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0