Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары бир катар документтерди, анын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжолдонууда.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда,  Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жыйын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтөт.
"Анда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары бир катар документтерди, анын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжолдонууда", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү боюнча экинчи этапка өтүү жана күн тартибиндеги башка маселелерди кароо пландалып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0