Ветеринар, орус тилчи... Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн жаш курагы, билими

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПринесение присяги в Жогорку Кенеше
Принесение присяги в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлүп, Жогорку Кеңеш аны колдоп берди. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Акылбек Жапаров баштаган министрлердин жаш курагы жана билимине кызыкты.
Өкмөт мүчөлөрүнүн арасында өтө деле жаштары жок. Эң кичүүсү 34 жаштагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана 36 жаштагы юстиция министри Аяз Баетов. Калганы орто жаштагылар. Ал эми билими боюнча аткаминерлер арасында ветеринары, мугалими, экономисти дагы бар.
Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрация жетекчиси 
Акылбек Жапаров быйыл 14-сентябрда 57 жашка чыкты. Ал Фрунзенин политехникалык институтунан инженер-куруучу кесибине ээ болсо, Бишкектин каржы-экономикалык академиясында "каржы жана салык системалары" адистигин аяктаган. Экономика илимдеринин доктору.
Арзыбек Кожошев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары 
Арзыбек Кожошев 53 жашта. 1994-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Азиз Аалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (экономика сектору) 
Азиз Аалиев 49 жашта. Министр Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясынын экономика факультетин аяктаган. Исламабаддагы (Пакистан) заманбап тилдер боюнча улуттук институтта англис тили боюнча атайын курстардан сабак алган.
Эдил Байсалов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (социалдык блок) 
Эдил Байсалов 44 жашта. Ал мектептер аралык алмашуу программасы менен Түркияда, АКШда окуп келген. Мындан сырткары, Кыргызстандагы Америка университетинде "бизнести башкаруу" адистиги боюнча билим алган.
Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы 
Ташиев быйыл 53 жаштын чайын ичүүдө. Атайын органдын төрагасы Томск мамлекеттик университетинин инженер, химик-технолог адистигин аяктаган. Кыргыз улуттук университетин да бүтүргөн.
Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри 
Данияр Амангелдиев 39 жашта. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде "бухгалтердик эсеп жана аудит" адистигин аяктаган.
Алмаз Бакетаев, финансы министри
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Финансы министри 50 жашта
Вице-мэр Бишкека Алмаз Бакетаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Финансы министри 50 жашта
Жаңы дайындалган финансы министри 50 жашта. Фрунзе политехникалык институтун, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтун аяктаган.
Аяз Баетов, юстиция министри
Аяз Баетов 36 жашта. 2006-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
Азамат Жаманкулов, маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри 
Азамат Жаманкулов 34 жашта. 2008-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетин "ишканадагы менеджмент", 2011-жылы Кыргызстан эл аралык университетин "финансы" адистиги боюнча аяктаган.
Кудайберген Базарбаев, эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри 
Кудайберген Базарбаев 63 жашта. Кыргыз мамлекеттик университетин "француз тили" адистиги боюнча аяктаган.
Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри 
Ордун сактап калган Руслан Казакбаев 54 жашта. 1991-жылы Фрунзенин политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, ал эми 2004-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган.
Эркинбек Осоев, транспорт жана коммуникация министри 
Транспорт министрлигин башкара турчу Осоев 45 жашта. Ал Кыргыз тоо-металлургиялык институтун аяктаган. Кесиби боюнча инженер-эколог.
Аскарбек Жаныбеков, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри 
© Sputnik / Табылды КадырбековАскар Жаныбеков 57 жашта
Принесение присяги новыми членами Правительства - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Аскар Жаныбеков 57 жашта
Аскар Жаныбеков 57 жашта. Ал Кыргыз айыл чарба институтунда агроном-мелиоратор адистиги боюнча билим алган. Мындан сырткары, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ветеринар адистиги боюнча окуган.
Доскул Бекмурзаев, энергетика министри 
Энергетика министри 48 жашта. Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер. Мындан сырткары, ал Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган.
Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо министри 
© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министри быйыл 61ге толот
Принесение присяги новыми членами Правительства - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Саламаттык сактоо министри быйыл 61ге толот
Саламаттык сактоо министри быйыл 61ге толот. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун "дарылоо иши" адистигин аяктаган. Андан соң ошол эле окуу жайдын клиникалык ординатурасында билим алган. 1989-жылы кандидаттык, 2000-жылы докторлук диссертациясын коргогон.
Болотбек Купешов, билим берүү жана илим министри 
Болотбек Купешов 62 жашта. Кыргыз мамлекеттик университетинин "орус тили жана адабияты" адистигин аяктаган.
Бактыбек Бекболотов, коргоо министри
Бактыбек Бекболотов 57 жашта. Аскерге барып келгенден кийин Ленинград шаарындагы жогорку артиллериялык командалык училищени аяктаган.
Улан Ниязбеков, ички иштер министри 
© Sputnik / Табылды КадырбековУлан Ниязбеков 46 жашта
Принесение присяги новыми членами Правительства - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Улан Ниязбеков 46 жашта
Улан Ниязбеков 46 жашта. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.
Бообек Ажыкеев, өзгөчө кырдаалдар министри
© Фото / пресс-служба МЧС КРАжикеев 56 жашта
Министр МЧС КР Бообек Ажикеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ажикеев 56 жашта
Ажикеев 56 жашта. Эки жогорку билими бар. Бири — инженер-куруучу кесиби, экинчиси — "бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги.
Динара Кутманова, экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы
Динара Кутманова 60 жашта. Москвада Менделеев атындагы химиялык технология институтун инженер-технолог адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан юриспруденция адистигине ээ болгон. Экологиялык укук боюнча юридика илимдеринин кандидаты.
Жаңылыктар түрмөгү
0